УКМК жемкорлордон түшө турган атайын эсепке 10 млн сомго жакын каражат которду

УКМК жемкорлордон түшө турган атайын эсепке 10 млн сомго жакын каражат котордуУлуттук коопсуздук комитети билдиргендей, 7-августта коррупция менен күрөшүүдөн кайтарылган каражаттардын бирдиктүү депозиттик эсебине 9,54 миллион сом которулду.

Муну менен эсеп ачылгандан бери кайтарылган УКМК тарабынан аталган эсепке которгон акча 139, 454 млн сомду түздү.

Президент Сооронбай Жээнбеков буга чейин жемкорлордон өндүрүлгөн акчаны топтош үчүн эсеп ачууну буюрган.

Өкмөттүн токтому менен 3-июлда Финансы министрлигинин алдында Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Бул эсепке Башкы прокуратура, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Ички иштер министрлиги коррупционерлерден кайтарылган каражатты топтошу керек.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты