Суракматов камалуудан коркпойм дейт

Суракматов камалуудан коркпойм дейтБишкек шаарынын мэрлигине шайланган Азиз Суракматов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, мыйзам бузбай иштөөгө аракет кыларын айтты. Ага каршы нааразылыкка чыккан активисттердин аракетин демократиялык коомдогу көрүнүш катары баалады.
Ошондой эле ал мурдагы мэрлер сыяктуу кылмыш иши козголуп, камалуудан коркпой турганын, мыйзамдуу иштегенге аракет кыларын билдирди.

«Кызматка киришкен соң командаңызды алмаштырасызбы?» деген суроого ал мындайча жооп берди:

— Бул тууралуу ойлоно элекмин. Аймактык шайлоо комиссиясынын чечими чыкмайынча муну талкуулоо туура эмес.

8-августта Азиз Суракматовду шаардык кеңештеги депутаттар көпчүлүк добуш менен мэрликке шайлады.

Шайлоо жүрүп жатканда мэриянын имаратынын алдында ондогон активисттер нааразылык акциясын уюштурушту.

Суракматов шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция сунуштаган жалгыз талапкер катары шайлоого ат салышты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты