Акорда: Казакстан «Камбар-Ата — 1» ГЭСин курууга катышышы мүмкүн
- 2 года мурун
Казакстан Кыргызстандагы «Камбар-Ата — 1» ГЭСинин курулушуна катышышы мүмкүн. Бул тууралуу Акорданын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев президент Садыр Жапаров менен жолугушууда инвестициялык кызматташуу боюнча келечектүү долбоорлордун тизмесин түзүүнү сунуштаган.
«Ал долбоорлордун бири Кыргызстанда ГЭСтерди, атап айтканда, «Камбар-Ата — 1″ ГЭСин биргеликте куруу болушу мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.
22-майда Энергетика министри Доскул Бекмурзаев «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулуш жакынкы күндөрү баштала турганын билдирген.
Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга каржы ресурстары бар экенин, Финансы министрлиги курулуштун биринчи баскычы үчүн 498 млн. АКШ долларын бөлө турганын айткан.