Путин чокусуна украин желегинин илиниши боюнча альпинисттер суракка алынды

  • 2 года мурун

Чүй облусундагы Путин атындагы чокуга Украинанын желеги илинген видео боюнча текшерүү башталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Текшерүүнүн алкагында укук коргоо органдарына аталган аймактын токойчусу 24-майда кечки саат 7.30 чамасында чокуга бараткан эки альпинистти көргөнүн айткан. Укук коргоо кызматкерлери альпинисттердин тек-жайын аныктап, суракка алганда алар чокуга чыкканда илинген желекти көрүшкөнүн, аны видеого тартып алышканын айткан.

Милиция учурда бул иштин жагдайларын аныктоо үчүн тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын, аталган факт маалымат журналына катталганын билдирди.

Буга чейин Путин чокусунда Украинанын желеги илинген видеонун авторлорунун бири милицияга суракка чакырылганы айтылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты