Кыргызстан менен Казакстан чек арада тыгындарды болтурбоо тууралуу макулдашты

  • 2 года мурун

Кыргызстан менен Казакстандын мамлекет башсылары товар жана жүк өткөрүүдө чек арада тыгындарды болтурбоо тууралуу макулдашышты.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өлкө башчыларынын кеңири форматтагы жолугушуусунун жыйынтыктары менен бөлүшүп жатып билдирди:

«Товарларды жана жүктөрдү Казакстан аркылуу өткөрүү маселеси боюнча, чек арадагы тыгындарды болтурбоо жана бул маселе боюнча мурда жетишилген макулдашууларды аткаруу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшоо келишимине келдик».

Анын айтымында, эки өлкөнүн ортосунда толук кандуу каттамды жандантуу үчүн аба, темир жол жана унаа байланыштарын ишке ашыруу маселелери дагы талкууланды.

Бүгүн, 26-майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Эки өлкөнүн башчылары алгач тар чөйрөдө жолугуп, андан соң кеңири форматтагы жолугушууга өтүштү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты