Токаев: Кыргызстан Казакстандын Кудай кошкон кошунасы жана союздашы

  • 2 года мурун

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаров менен болгон тар чөйрөдөгү жолугушууда кыргыз-казак Кудай кошкон кошуна жана өнөктөш өлкө, эзелтеден бири-бирине жакын эл болгонун айтты.

«Үстүбүздөгү жылы дипломатиялык мамилелердин орногонуна 30 жыл толду, бул убакыт аралыгында мамлекеттер ортосунда достук мамилелер чыңдалып, саясий диалог, мамлекеттер аралык жана парламенттер аралык байланыштар түзүлдү», — деди Токаев.

Өз кезегинде Садыр Жапаров бүгүнкү жолугушуулар биргелешкен өз ара алаканы өнүктүрүүнүн мындан аркы келечегин аныктоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзөт деген ишенимин билдирди.

Бүгүн, 26-майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Эки өлкөнүн башчылары алгач тар чөйрөдө жолугуп, андан соң кеңири форматтагы жолугушууга өтүштү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты