Тилек Жээнбеков — эрежесиз мушташтын чемпиону

Тилек Жээнбеков - эрежесиз мушташтын чемпиону

Тилек Жээнбеков жакында эле Түштүк Кореяда өткөн «Аngels Fighting» уюмунун оор салмак ченинде чемпиону болду. Бул тууралуу маалымат жыйында Бүткүл дүйнөлүк кулатуу эр таймаш федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев билдирди. Мелдеш 23-июль күнү Сеул шаарында өтүп, мушкердин атаандашы кореялык Жун Су Лим болгон.

«Тилек — эрежесиз мушташтын чемпиону. Ал Кореядагы жергиликтүү оор салмактагы спортчуну жеңип алды. Бул анын кесипкөй спортчу экендигинен кабар берет. Азыркы тапта Орто Азиядагы оор салмак ченинде эң мыкты мушкер болуп эсептелет. Бул биздин чоң жетишкендик. Анткени Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдө күчтүү мушкерлер көп. Эгер дүйнөдө оор салмак ченинде мушташкан 5 миңден ашуун мушкер бар болсо, Тилек алардын арасында 133-орунду ээлейт. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Биздин план боюнча, ал 1 жылдын ичинде дүйнөнүн 50 мыкты мушкеринин тизмесине кирет. Эгер биз бул көрсөткүчкө жетсек, анда UFC’ге түз жолдомо ала алабыз. Тилек Жээнбековдун жеңишине мыкты машыктыруучу Кенжебек Чекировдун салымы чоң. Буюрса, келечекте жогорку деңгээлдеги даярдыктары менен чоң ареналардан көрө алабыз», —деди Руслан Кыдырмышев.

Тилек Жээнбеков - эрежесиз мушташтын чемпиону

Тилек Жээнбеков - эрежесиз мушташтын чемпиону

Ал эми машыктыруучу Кенжебек Чекиров Тилек Жээнбековдун ийгилигине кубанып, “он жылдан ашык аракетибиз бааланып, жеңишке жетишти. Дүйнөлүк аренада кыргыздын желегин желбиретебиз деген максатыбыз бар” деди.

Тилек Жээнбеков бул жеңишин жалпы кыргыз элине арнап, “ар бир атаандаш мен їчїн кыйын, рингге чыгарда сактанып, даярданып, жакшы ниет менен алдыга умтулам, кыргыз желегин көтөрїп, кыргыз элим үчүн деген ураан менен чыгам” деп, машыктыруучусуна, бирге  иштешкен командасына, кїйєрмандарына ыраазычылыгын билдирди.

Маалымат үчүн: Тилек Жээнбеков — панкратион боюнча Евразия чемпиону, универсиалдуу кармаш боюнча дүйнө чемпионатынын күмүш медаль ээси. Күжүрмөн самбо, кол таймашы, грэпплинг боюнча Кыргызстандын чемпиону. ММА боюнча профессионалдуу мушкер.

Эльвира Какиева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты