Бишкекте Токаев менен Жапаровдун тар чөйрөдөгү жолугушуусу башталды

  • 2 года мурун

Бишкектеги «Ала-Арча-1» мамлекеттик резиденциясында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Кыргызстандын өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тар чөйрөдөгү жолугушуусу жабык өтүп жатат.

Расмий маалыматка ылайык, өлкө башчыларынын жолугушуусунда эки өлкөнүн алака-катышына байланыштуу маселелер талкууланып, бир катар документтерге кол коюлат.

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаров президенттик кызматка киришкенден бери Кыргызстанга келген алгачкы чет өлкөлүк мамлекет башчы болуп калды.

Токаев 27-майда Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты