Сузакта мугалимдин окуучуга кол көтөргөнү боюнча комиссия түзүлүп, териштирүү башталды
- 2 года мурун
Билим берүү жана илим министрлиги Сузактагы мугалимдин окуучуга кол көтөргөнү боюнча комиссия түзүлүп, териштирүү иштери башталганын билдирди.
«Бүгүн комиссия жеринде териштирүү иштерин баштайт, жыйынтыгына жараша чара көрүлөт”, — деп айтылат министрлик тараткан маалыматта.
Маалыматка ылайык, окуя 23-майда Сузак районуна караштуу Сафаровка айылынын №1 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектебинде болгон. Окуучуну сабап жаткан информатика мугалими, кыз 7-класстын окуучусу.
Күн мурун социалдык тармактарда мугалимдин окуучуга кол көтөрүп жаткандагы видеосу тарап, кызуу талкууга алынган.
Муну бөлүшүү