Чыгаан журналист Уланбек Эгизбаев менен коштошуу  

Чыгаан журналист Уланбек Эгизбаев менен коштошуу  Бүгүн, 23-июлда, “Азаттык” радиосунун кеңсесинин алдында 22-июль күнү Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылындагы “Акун” пансионатында сууга чөгүп кетип, кайтыш болгон 28 жаштагы чыгаан журналист Уланбек Эгизбаевди эскерүү иш-чарасы болуп өттү.   

Уланбек Эгизбаевдин каза болушу кыргыз журналистикасы үчүн эле эмес, жалпы кыргыз эли үчүн оор кайгы, чоң жоготуу. Ал аз, бирок саз жашады.   28 гана жашта эле, бирок  тайманбастан коррупциялык көрүнүштөрдүн бетин ачкан журналисттик курч иликтөөлөрү менен белгилүү болду.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы “Азаттык” радиосунун журналисти Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча тараткан маалыматында мындай деп айтылат:

22-июлда болжол менен саат 14: 30 чамасында Ысык-Көл  райондук ооруканасынын “Тез жардам”  бөлүмүнө “Акун” эс алуу жайынан көлгө түшүп жатып азия түспөлүндөгү 20-25 жаштардагы адам көлгө чөккөнү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Чыгаан журналист Уланбек Эгизбаев менен коштошуу  

Уланбек Эгизбаев жубайы Сапаргүл экөө 19-июлдан 22-июлга чейин “Акун” пансионатында эс алып жүрүшкөн. 22-июлда болжол менен саат 11:00 дө эс алып жаткан бөлмөсүнүн ачкычын администраторго тапшырып, Бишкекке жөнөөрдүн алдында дагы бир жолу көлгө түшүү үчүн барган.

Кара-Ой айылынын тургундары 2008-жылы туулган Ж. Курманбек жана 2004-жылы туулган А. Кудайбергендин айтымында, “Акун” эс алуу жайында пирстен 20 метр алыста бир адам чабалактап жатышканын көрүп, аны ойноп жатабы деп көңүл бурушкан эмес. Бир аз убакыттан кийин ал адам көлгө калкып чыгып калганын көрүп,сууга түшүп жаткан чоң кишилерге айтышкан. Ал жерден үч киши сууга кирип, суудан алып чыгышканын айтышкан.

Ат-Башы айылынын Кызыл-Туу айылынын тургуну А. Сыргактын айтымында, аларга кичинекей балдар бир киши көлгө калкып чыгып калганын айтканда, алар ал адамды көлдүн жээгине чыгарганын билдиришкен.

Көлдө түшүп жүргөн  жеке ишкер А. Райымбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын бирине берген интервьюсунда мындай деген:

—Түшкө маал, пристанда сууга секирип жатсак, ары жактан эки жаш бала “Жардам бергиле, тигил жакта бирөө чөгүп жатат” деп кыйкырып калды. Аны укканда дароо эле сууга секирип, бар күчүм менен сүзүп жөнөдүм. Тилекке каршы, сууга тагынчу көз айнегимди да унутуп калыптырмын, балдар көрсөткөн тарапка барып таппайм. Артыман балдар оңго-солго деп кыйкырып жатышты. Ошентип, улам суу астына түшүп жатып, чөккөн жигитти таап алдым. Көтөрүүгө аракет жасап, аңгыча дагы бир досум жардамга жетишти, экөөлөп жээкке көтөрүп чыктык” деген.

Чыгаан журналист Уланбек Эгизбаев менен коштошуу   Чыгаан журналист Уланбек Эгизбаев менен коштошуу  

Андан кийин куткаруучулар келишкен. “Акун” эс алуу жайынын кызматкерлери суудан куткаруучу Т. Уулу Бакай жана медайым Ж. Назгүл жасалма дем алдырышканын, бирок андан натыйжа чыкпаганын айтышкан.

Бүгүн, 23- июлда чыгаан журналист жигитти эскерүүгө бийлик бутактарынын өкүлдөрү жана  Роза Отунбаева, Равшан Жээнбеков, Кубатбек  Байболов жана башка саясатчылар, журналисттер, коомчулук өкүлдөрү келишти.

Аз гана өмүрүндө Уланбек кыргыз элине эбегейсиз чоң кызмат кылып, журналисттик курч иликтөөлөрү, атуулдук чынчыл көз карашы менен өлбөс-өчпөс эмгек калтырып кеткендиги айтылды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Уланбек Эгизбаевдин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.

“Маркум Уланбек Эгизбаев жаштыгына карабастан, мааниси терең, далилдүү фактыларга таянган журналисттик иликтөөлөрүндө коомдогу курч маселелерди көтөрүп, өлкөнү мите курттай соруп келаткан коррупцияга каршы күрөштө мамлекетибизге чоң колдоо көрсөтүп келди. Ал өз материалдарынын социалдык, моралдык жана саясий натыйжалары үчүн жоопкерчиликти өзүнө ала билген кесипкөй калемгер болчу.

Жаш журналистти шум ажал арабыздан алып кетпегенде, келечекте дагы далай жемкорлордун чыныгы жүзүн ашкерелеп, далай кыңыр иштердин бетин ачмак! Тилекке каршы, журтубуз, кыргыз журналистикасы коомубуздагы терс көрүнүштөргө каршы тайманбай күрөшкөн таланттуу жаш калемгерден айрылды.

Уланбек инимдин бир туугандарына, ата-энесине, жакындарына жана „Азаттыктын“ чыгармачыл жамаатына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Уланбек Эгизбаевдин ысымы кыргыз журналистикасынын тарыхында сакталып калат. Анын активдүү жарандык позициясы жана бийик кесипкөйлүгү жаш муундар үчүн үлгү болот» деди президент.

Экс-президент Роза Отунбаева эскерүү иш-чарасынан кийин журналисттерге берген маегинде Уланбек Эгизбаевдин журналисттик иликтөө жагында кошкон өзгөчө салымын белгиледи:

“Журналисттик иликтөө болмоюн бизде коррупция, акыйкатсыздык гүлдөй берет. Тилекке каршы биз Уланбектин күчүн, талантын пайдалана албай калдык Ал арабыздан эрте кетип калды” деди Р. Отунбаева.
Уланбек Эгизбаев 1990-жылы Нарын облусунун Кочкор районунда туулган.  2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратурасын аяктаган. «Азаттык» радиосунда 2013- жылдан бери иштейт.

Буга чейин Уланбек Эгизбаевдин курч журналисттик иликтөөлөрүнөн кийин коркутуп телефон чалуулар болгон. Ошондой эле Уланбек 16-июлда Кырыпчтасы аркылуу ага бош эки конверт келгенин таң калып, фейсбук баракчасына жазган.

Уланбек Эгизбаевдин сөөгү эртең, 24-июлда, туулуп-өскөн Кочкор районундагы Көк-Жар айылында жерге берилмекчи.

 “ПолитКлиника” маалымат –аналитикалык порталынын жамааты “Азаттык” радиосунун мыкты журналисти, кыргыз тилдүү журналистиканын беделин көтөргөн иликтөөлөрү менен белгилүү болгон Уланбек Эгизбаевдин ата-энесине, бир туугандарына, жубайына, жакындарына, “Азаттык” радиосунун жалпы жамаатына, журналистти аздектеп-урматтагандардын бардыгына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.   

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты