Темир Сариев Нарында

Темир Сариев НарындаТемир Сариевдин бул жолку сапары Нарын облусунда болду. Алгач  Кочкор районунун эли менен жолугушту. Албетте бул жолу дагы элди чогултуп алып эле айтчу сөздөр айтылып калбай, “Жашыл Кыргызстан” демилгесин Нарында баштады. Темир Сариев Кочкор районунун борбордук көчөлөрүнүн бирине жергиликтүү жашоочулар, “Бирге” тобунун мүчөлөрү менен биргеликте бак-дарактардын көчөттөрүн отургузду. Ошондой эле Теңдик айылындагы Турдакун Усубалиевдин короосуна арчанын көчөттөрү тигилип, анын жаркын элесине арналып куран окулду.

Мындан тышкары, Борбордук Азия университети менен таанышты. Бул окуу жайда учурда 71 студент билим алууда, анын 22си Кыргызстандын жарандары болсо, калганы Борбор Азиянын башка мамлекеттеринен келген студенттер. Келечекте Борбордук Азия университети 1200 студентти кабыл алганга мүмкүнчүлүгү бар. Ошондо 500гө жакын адам жумуш менен камсыз болот. Жаштарга сапаттуу билим берилип, элди жумуш менен камсыз кылган бул университет Темир Сариев премьер-министр болуп турган убакытта курулуш иши башталган. «Жогорку сапаттуу билим бере турган мындай окуу жайлардын санын дагы көбөйтүш керек» деген Темир Сариев, сапаттуу билим болсо, мамлекет күчтүү болот деди.

Темир Сариев НарындаЖолугушуулар ушуну менен эле токтоп калган жок. Андан ары Нарын облусунун борборунда жайгашкан Жумамүдүн Шералиев атындагы музыкалык мектепке барды. Темир Сариев — сөзү менен иши дал келген өкмөт башчылардын бири болгон деген жергиликтүү жашоочулар Сариевди жылуу маанайда тосуп алды. Мында болсо Темир Сариев «Нарын шаарындагы эң  жогорку мектеп болсун» деп кол жазмасын Жумамүдүн Шералиевдин музейине калтырды.
Андан соң жергиликтүү жашоочулар, мугалимдер жана окуучулар менен бетме-бет отуруп жолугуп, өлкөдөгү олуттуу маселелер талкууга алынды. Бир күн кечке уланган жолугушууларда жергиликтүү жашоочулар Темир Сариевди кош колдоп колдой турганын алардын сүйлөгөн сөзүнөн эле билсек болот.

Кемел Ашыралиев: “Кыргызстанга бардык жактан төп келген билими, башкаруу тажрыйбасы жогору адам керек. Ал бир гана Темир Сариев. Өкмөттү башкарып турганда эле сөзү менен иши дал келгенин мен эле эмес, калайык калк билет. Бир мык какса түбүнө чейин каккан адам”.

Ороз Молдосариев: “Темир Сариев өкмөттү аз убакыт башкарса дагы Нарындын булуң-бурчуна чейин барып, элдин көйгөйүн жеринен таанышат эле. Эми дагы мамлекеттик кызматта иштебесе дагы элдин жашоосу менен таанышуу үчүн келип отурганы жөнөкөйлүк сапат”.

Турарбек Иманкулов: “Өлкөдө темирдей тартип болсо өлкө өнүгүү жолуна түшөт” деп Темир Сариев Аргембаевич айтып келет. Бул сөз эң туура айтылган. Мамлекеттин өнүгүшү үчүн экономикага өзгөчө көңүл бурулушу керек. Экономика дегенде Темир Сариевди гана билсек болот. Анткени Сариев экономика жаатында такшалган жигит”.

Медет Жумаев: “Темир Сариев мамлекеттик кызматта бардык тепкичтерди басып келе жатат. Депутат болду, министр болду, премьер-министр да болду. Ошондуктан башкарууда дасыккан, жетиккен жигит. Колдон келишинче бардык иштерди аткарып келди. Ошондуктан кош колдоп колдоп алалы”.

Темирбаев Токтобек, Аксакалдар кеңешинин төрагасы: “Премьер-министр деген мамлекеттин мотору. Элдин арасынан чоңойгон адам гана элдин турмушун билет. Кадрды кадрлык бизнес кылып алышты”.

Акылбек Чынтемиров

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты