Ош мэрлигине Таалайбек Сарыбашев шайланды

Ош мэрлигине Таалайбек Сарыбашев шайландыОш шаарынын мэрлигине Таалайбек Сарыбашев шайланды. Добуш берүү жашыруун өттү.  Жыйынтыгында, Таалайбек Сарыбашев 44 добушка ээ болду.

Мэр шайлоого Ош шаардык кеңешиндеги 45 депутат толугу менен катышты. Мыйзамга ылайык, шайлоо депутаттардын үчтөн экиси добуш берген болсо, шайлоо өттү деп эсептелет.

Маалымат үчүн  айта кетсек, буга чейин Таалайбек Сарыбашев өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп иштечү. Шаар тарыхында биринчи жолу ал атаандашсыз жалгыз талапкер болуп  катталган.

Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаев 3-июлда кызматын тапшырган. Өкмөттүн буйругу менен ал Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин төрага орун басары болуп дайындалган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты