Кадрлар ротацияланышы мүмкүн

Кадрлар ротацияланышы мүмкүнМамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кадрларды ротациялоону жандандыруу керектигигин жана аны күч органдарынан баштоо керектигин айтты. Бул маселени Президент
Таластажергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда айтты.

Президент Сооронбай Жээнбековдун айтымында,   ички иштер органдарында, сот, прокуратура тармагында, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта (Финансы полициясында) иштегендердин көпчүлүгү өздөрү туулуп-өскөн аймакта иштеп жатат. Мамлекет башчы мындай көрүнүш кылмыштуулук, коррупция менен күрөшкө залалын тийгизип жатат деген пикирин айтты.

«Кадрларды аймактар арасында ротациялоо салтын кадр саясатына киргизе турган мезгил жетти. Биз ушул салтты жандандырышыбыз керек. Түндүккө келсем «түштүктөн кадрлар көбөйүп кетти» дешет, түштүккө барсам «түндүктөн көбөйүп кетти» дейт. Райондорго барсаң, милициянын башчысы, прокурор, УКМК ошол райондон отурат, милициянын 80 пайызы ошол райондун балдары. Алар анан кылмыштуулук жана коррупция менен кантип күрөшөт? Бул мамлекеттин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет. Султан Ибраимов — Чүйдүн кулуну — Ошко барып иштеген, аны бүгүн да жергиликтүү эл жакшы сөздөр менен гана эстейт. Мындан тышкары кадрдык ротациянын мыкты үлгүсү катары Акматбек Сүйүнбаевди, Бейше Жапаровду, Арстанбек Дүйшеевди, Корчубек Акназаровду, Рысбек Айдаралиевди, Бекмолдо Ишимовду, Бусурманкул Табалдиевди, Өмүрбек Субаналиевди атасак болот» деди Президент.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты