Үч-Коргон ГЭСине Исхак Раззаковдун ысымы ыйгарылды

  • 2 года мурун

Нарын дарыясындагы Үч-Коргон гидроэлектростанциясына мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Нарын дарыясындагы алгачкы гидро энергетикалык объектилердин бири Үч-Коргон ГЭСинин 60 жылдыгын белгилөөнүн алкагында ГЭСке мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун ысымы берилген.

«Дал ошол инсан Нарын дарыясынын гидро энергетикалык потенциалын биринчилерден болуп байкап, Кыргызстандагы энергетика тармагынын өнүгүшүнө негиз салган», — деп айтылат министрлик тараткан билдирүүдө.

Бүгүнкү күндө Үч-Коргон ГЭСинин кубаттуулугу 180 мегаватты түзөт. Ушул убакытка чейин анда 50 миллиард киловатт сааттан ашык электр энергиясы өндүрүлгөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты