Паспорт мафиясы: Өзгөндө 3 миңден ашык жарандык жана жалпы жарандык паспорт жоголгон

  • 2 года мурун

Санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов паспорт мафиясы боюнча жүрүп жаткан иликтөөнүн жыйынтыктары боюнча Фейсбуктагы баракчасында маалымат берди.

Министрдин айтымында, текшерүүнүн жүрүшүндө Өзгөн району боюнча 1667 жарандык паспорт, 2101 жалпы жарандык паспорт жоголгону аныкталган.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги УКМК менен биргеликте жок кылынууга тийиш болгон 2020-2021-жылдардагы жараксыз паспорттордун реестрлерин инвентаризациялаган. Инвентаризациянын жыйынтыгында, Санариптик өнүктүрүү министрлиги УКМК кармаган Калкты жана жарандык абалдын актыларды каттоо департаментинин аймактар аралык бөлүмүнүн адисин, кылмыш иши козголуп, үй камагында отурган Араван районундагы бөлүм башчысын кызматынан бошоткон. Департаменттин кызматкерлери тартиптик жаза жарыяланган.

24-майда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Санарип өнүктүрүү министрлиги боюнча депутаттык комиссия түзүү маселеси көтөрүлгөн. Депутат Дастан Жумабеков министр айтып чыккан паспорт мафиясы унутта калганын, бул иштин жыйынтыгы белгисиз болуп кеткенин айткан.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) 100дөн ашык паспортту өлкөдөн чыгарып бараткан адамды кармаган. Андан соң министр 25-апрелде Фейсбуктагы баракчасына Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинде паспорт мафиясы күчөгөнүн жазып чыккан. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты