АКШ Мамдепартаментинин делегациясы Борбор Азияны кыдырууда

  • 2 года мурун

АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы Дональд Лу Кошмо Штаттардын чөлкөм менен болгон мамилесин бекемдөө максатында Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстанды кыдырып жүрөт.

Атайын делегациянын сапары 23-майда башталган жана 27-майга чейин уланат. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаменти билдирди.

Делегациянын курамына Кошмо Штаттардын президентинин улуттук коопсуздук боюнча улук жардамчысы Эрик Грин, АКШнын коргоо министринин Ооганстан, Пакистан жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Ребекка Циммерман, АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттигинин Азия боюнча бюросунун администраторунун жардамчысынын орун басары Анджали Каур жана АКШнын Өнүгүүнү каржылоо корпорациясынын аппаратынын саясат маселелери боюнча орун басары Наз Эль-Хатиб бар.

23-майда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бишкекте АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы Дональд Лу менен жолуккан. Мекеме тараткан маалыматта, анда тараптар кыргыз-америка аралык алака-катыш, кызматташтыкты, аймактык жана глобалдык маселелерди талкуулаганы айтылат.

«Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизген практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү өзгөчө белгиленип, инвестициялык кызматташтыкты арттыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Эл аралык санкциялардын Кыргызстандын экономикасына тийгизген терс таасирин азайтуу, ошондой эле чек ара коопсуздугун бекемдөөгө көмөк көрсөтүүнү активдештирүү маселелери өзүнчө каралды. «С5+1″ платформасынын алкагында мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар эки тараптуу кызматташтыктын кеңири спектри боюнча конструктивдүү диалогду улантууга өз ара ниеттерин ырасташты»,-деп айтылат ТИМ тараткан маалыматта.

Делегация Өзбекстанда өзбек өкмөтүнүн өкүлдөрү, бизнес жана жарандык коомдун лидерлери менен жолугары күтүлүүдө. Тараптар экономикалык өнөктөштүк, жалпы баалуулуктар жана АКШнын аялдардын укугу менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдөгү колдоосун талкуулашат.

Тажикстанда делегация расмий жактар менен жолугуп, АКШ менен Тажикстандын жыл сайын өтүүчү эки тараптуу кеңешмесине катышат. Бул кеңешме экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жана коопсуздук тармагында кызматташууну бекемдөөгө багытталган. Дональд Лу ооган качкындарына гуманитардык жана башка жардам берүү маселесин талкулоо үчүн жарандык коом өкүлдөрү менен да жолугат.

Казакстанда делегация бийлик өкүлдөрү, жарандык коом лидерлери менен жолугуп, Казакстандагы реформаларды, адам укуктарын коргоо боюнча чараларды күчөтүүнү жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү талкуулашат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты