Мухамметкалый Абылгазиев Грузияга барды

Мухамметкалый Абылгазиев Грузияга бардыПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 16-июлда, Тбилиси шаарына «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгү эл аралык демилгесинин 5-Саммитине катышуу үчүн барды. 

Тбилиси эл аралык аэропортунда Ардактуу кароол тизилип, Өкмөт башчыны Грузия Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Георгий Шарвашидзе тосуп алды.

Сапардын алкагында Премьер-министр ошондой эле бир катар эки жактуу жолугушууларды өткөрүп, Грузиянын мамлекеттик башкаруу тутумун, салык, бажы тармактарын реформалоо боюнча жана башка тажрыйбалары менен таанышат.

Делегациян курамына Жогорку Кеңеш депутаттары, мамлекеттик органдардын жана  Өкмөт Аппаратынын бөлүм жетекчилери кирген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты