Элчилик: Москвада кран кулап, кыргыз жараны каза болду

  • 2 года мурун

Москва шаарында кран кулап, анын кесепетинен 22 жаштагы кыргызстандык жаран каза тапты. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.

Элчиликтин маалыматына ылайык, каза болгон жаран 1999-жылы туулган Р.у.Н. экени аныкталды.

Маалыматта элчилик Орусиянын укук коргоо органдарына жана Москва шаарынын мамлекеттик эмгек инспекциясына Кыргызстандын жаранынын өлүмүнүн себептерин тактоо үчүн кайрылуу жолдогону айтылат.

Учурда маркумдун сөөгүн мекенине алып келүү үчүн иш-аракет жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты