Бишкекте кыргыз айым-режиссерлорунун IV кинофоруму өтөт

  • 2 года мурун

26-28-май күндөрү Бишкек шаарында Кыргызстан айым-режиссерлорунун IV кинофоруму өтөт. Бул тууралуу «Азия Чыгармачыл Айымдарынын» коомдук фонду билдирди.

Кинофорумдун алкагында кыргызстандык айым-режиссерлордун тасмалары көрсөтүлөт жана мастер-класстар өткөрүлөт.

Маалыматка ылайык, быйыл иш-чарага чет өлкөлүк режиссерлердун келиши күтүлүүдө.

Уюштуруучулардын билдиришинче, быйыл форум Швейцария өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен өтүп жатат.

Кыргызстандын айым – режиссерлорунун I кинофоруму 2016-жылы өткөн. Кинофорумдун максаты — режиссер айымдардын башын бириктирүү, өз ара пикир алышууга шарт түзүү, алардын тасмаларын, эмгектерин публикага таанытуу жана кыргыз киносун эл аралык деңгээлге көтөрүү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты