Эстен кеткис футбол чемпионаты!

Эстен кеткис футбол чемпионаты!

Россиядагы футбол чемпионатын тарыхтагы мыкты чемпионат болду деп аташууда.  FIFAнын  башчысы Жани Инфантино жана чемпионаттагы оюнду көргөн күйөрмандар да жогору баа беришти.

Финалда айтып бүткүс окуялар орун алды. Франциялык футболисттердин 4: 2 менен хорваттарды жеңиши, хорваттарга болгон элдин сүймөнчүгү, жеңүүчүлөрдүн кубанычы, оюн аяктагандан кийинки жамгыр да финалдын көркүнө көрк кошуп турду.

Франциялыктар жыйырма жылдан кийин чемпион болушту.  Бирок Хорватиянын курама командасынан Лука Модрич мыкты оюнчу аталды.

Франциялык командадан 19 жаштагы Мбаппе гол киргизген эң жаш футболист болуп калды.

Чемпионаттын жабылышында Россиянын президенти В. В. Путин,  Франциянын президенди Э. Макрон, Хорватиянын президенти Колинда Грабар-Китарович финалда ойногон футболчуларды куттуктап, футбол талаасына чыгышты.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты