Тажикстанга аткезчилик жол менен жер семирткич алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

  • 2 года мурун

Тажикстанга аткезчилик жол менен минералдык жер семирткичтерди алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызматтан билдиришкендей, Баткен облусунун Кулунду айыл аймагынан Тажикстанды көздөй бара жаткан жүк ташуучу унааны текшерген учурда унаанын бортунан мыйзамсыз ташылып бараткан төрт тонна минералдык жер семирткич (селитра) табылган.

«Эксперт Баалоо» ЖЧКсынын корутундусуна ылайык, табылган товардын базардагы орточо баасы 152 миң сомду түзөт.

Жүк ташуучу унаанын айдоочусу К.Ж.И. кармалып, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты