Министрлер кабинети автоунаанын айнектерин караңгылатуунун акысын бекитти

  • 2 года мурун

Министрлер кабинети автотранспорт каражаттарынын алдыңкы каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат берүү тартибин бекитти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон чечимге ылайык, уруксат алуу үчүн жеке жактар 80 миң сом, юридикалык жактар 100 миң сом, ал эми чет өлкөлүктөр 120 миң сом төлөшү керек.

Уруксат бир жылга берилет. Эгерде унаа ээси уруксаттын мөөнөтү аяктаганга чейин колдонуудан баш тартса, төлөгөн акчасы кайтарылбайт.

Такси менен алектенгендерден башка бардык жеңил унаалардын айнегин караңгылатса болот.

Уруксаты жоктор кармалса, 20-40 миң сом айып пул төлөөгө милдеттүү. Ал эми арткы айнектерди караңгылатууга уруксат буга чейин эле бар болчу.

Уруксатты тариздөө боюнча Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемеси ыйгарым укуктуу орган болуп дайындалды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты