Албек Ибраимов кызматынан кетти

Албек Ибраимов кызматынан кеттиБишкек шаардык кеңеши Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөөнү колдоду.
Бишкек шаардык кеңешинин сессияга катышып жаткан 40 депутат бир добуштан мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөөнү колдоду. Бул депутаттардын ишеним көрсөтпөө тууралуу сунушу боюнча жашыруун добуштун жыйынтыгынан кийин белгилүү болду.

Бул боюнча шаардык кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын депутаты Рысбай Аматов демилге көтөргөн. Аны депутаттардын баары колдоого алган. Бул боюнча протоколго шаардык кеңештеги фракциялардын баары кол койгон.

Ал эми шаар башчы Албек Ибраимов ага ишеним көрсөтпөөдө саясый буйрук бар деген оюн билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты