Азимбек Бекназаров: «Конгантиевдин камалышы мыйзамсыз»

Азимбек Бекназаров: "Конгантиевдин камалышы мыйзамсыз"Азимбек Бекназаров мурдагы Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин акталышын туура эмес болду деп эсептерин билдирип «моралдык-нравалык жактан туура эмес, мыйзамсыз чечим» деп атады.

​»Депутаттар тирүүлөй жоголгон, депутаттар көчөдө атылган, чоң-чоң аткаминерлерге чыпалак-кулактар жөнөтүлгөн, оппозициянын өзүнө эле эмес, балдарына, келиндерине чейин кылмыш иши козголгон учурлар болгон. Бийлик 7-апрелдин алдында штаб түзгөн. Мамлекет ичинде мамлекет түзүлгөн. Күч түзүмдөрүнүн баары ошол штабга мүчө болгон. Мамлекеттик бийлик толугу менен ошол мыйзамсыз штабга өткөн. Бул тири шумдук кылмыш болгон. Бийлик штаб түзүп, чагым кылып, курал колдонуп аткан. Кылмыш иши козголгондо ушул штабдын үстүнөн козголгон. Штабдын мүчөлөрүнүн баары күнөөлүү деп табылган. Молдомуса эсине келе албай жаткандыктан биз анын ишин өзүнчө бөлүп койгонбуз, гумандуулук кылганбыз. Биз аны дарылатууга жөнөткөнбүз. 2010-жылы Конгантиевдин иши тергелген эмес. Калгандарынын иши тергелген. Бирок көп маселелер бар да! Бакыйган күч түзүмүнүн, ИИМдин башчысы эмнеге жооп бербейт экен? Курманбек Бакиевдин «монстр» бийлигин орноткондордун кылмыш ишин акырын кыскартып койгон моралдык-нравалык жактан туура эмес» деди Бекназаров. Саясатчы андан ары эгер Молдомуса Конгантиевдин иши сотто каралып, укуктук баа берилбесе, бул ишке саясат аралашып, артында Президент Сооронбай Жээнбеков турушу мүмкүн деген күдүк ойлорду жаратышы мүмкүн деп билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты