Тик учак кулады

Тик учак куладыЫсык-Көлдүн Түштүк Эңилчек мөнгүсү тарапта “Ми-8 МТВ” үлгүсүндөгү аскердик тик учагы бүгүн кырсыкка кабылды. Бул тууралуу Башкы штабдын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеме ырастагандай, тик учак альпинисттерди куткаруу учурунда кулаган.

Баштапкы маалыматтарга караганда, тик учак шамалдан улам капталы менен түшкөн. Андан төрт адам жабыркаган, курмандыктар жок. Учурда альпинистти жана куткаруучуларды куткаруу боюнча иш жүрүп жатат. Тик учактын абалы тууралуу маалымат бериле элек.

Түштүк Эңилчек мөңгүсү — Борбордук Теңир-Тоодогу өрөөн тибиндег мөңгү. Кан-Теңир тоо тоомунда жайгашкан, Теңир-Тоодогу эң чоң мөңгү болуп эсептелет.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты