Бишкек шаарынын вице-мэри мыйзамсыз жер берди делип сурак берүүдө

Бишкек шаарынын вице-мэри мыйзамсыз жер берди делип сурак берүүдөБишкек шаарынын биринчи вице-мэри Ренат Макенов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) сурак берүүдө. Бул жаңылыкты мэрия өкүлдөрү ырасташты.

Андан алынган маалыматка ылайык, Макенов Бишкектин №12 кичи районундагы жер тилкеси мыйзамсыз түрдө бөлүнгөнүнө байланыштуу сурак берип атат. Ренат Макенов ал учурда Бишкек мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгынын жетекчиси болуп туруп бул ишке тиешеси болгону айтылууда.

УКМК Макеновдун суракка чакырылганы боюнча кийинчерээк маалымат болорун билдирди.

Ренат Макенов былтыр августтан бери Бишкектин биринчи вице-мэрлигин аркалап жүрөт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты