Лейлекте май куюучу станциядан өрт чыкты

Лейлекте май куюучу станциядан өрт чыктыЛейлекте май куючу станциядан чыккан өрттүн кесепетинен төрт киши жабыркап, (анын бирөө кыргызстандык, үчөө тажикстандык) май куючу станция, анын кеңсеси , ошондой эле жүк ташуучу беш машина (фура), газ ташуучу эки унаа, эки спринтер, бир жеңил унаа күйүп кетти.
2018-жылдын 4-июлунда саат 20:30да Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент айыл аймагынын Жаштык айылында жайгашкан май куюучу станциядан өрт чыккан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Лейлек райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу, №108 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүм, ИИМден 30 кызматкер, медициналык тез жардам кызматынан бир бригада жана өз ара кызматтыштыктын алкагында Тажик Республикасынан жакын жайгашкан районунан үч бөлүм тартылган.
Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 22:40да чектөөгө алынып, саат 05:25те толук өчүрүлгөн.
Алдын- ала маалыматтар боюнча, өрттүн кесепетинен май куючу станция толугу менен күйүп, май куючу станциянын кеңсеси күйгөн жана 5 фура, 2 газ ташуучу унаа, 2 спринтер, 1 жеңил унаа күйгөн. Мындан сырткары өрттөн 4 адам жабыркаган (1 кыргыз, 3 тажик жараны). Өрттөн жабыркаган кыргыз жараны (1963-ж.т. Т.Б. эркек киши) Кулунду айылындагы ооруканага жаткырылган. Ал эми тажик жарандарын өздөрүнүн ооруканасына алып кетишкен. Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты