Канат Исаевдин иши кайра каралууда

Канат Исаевдин иши кайра каралуудаКанат Исаевдин дагы бир кылмыш иши—бийликти басып алууга айыпталган кылмыш иши кайра тергөөгө жиберилгенин анын жактоочусу Бакыт Осмоналиев билдирди.
Буга чейин, 28-июнда, экс мэр, экс депутат Канат Исаевдин жана Болот Имамадиев менен Мирлан Эсенбековдун Токмок шаарындагы муниципалдык жерди жеке менчикке сатуу боюнча кылмыш иши Бишкек шаардык соту тарабынан алынып салынган. Бирок Канат Исаев дагы бир кылмыш ишке—бийликти басып алууга айыпталып, дагы эле камакта калтырылган.
Канат Исаев Токмок шаарынын мэри болуп турган кезде муниципалдык жерди жеке менчикке сатты деп, коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Аны менен бирге Токмок шаарынын экс вице-мэри Болот Имамадиев, муниципалдык менчик башкармалыгынын экс-башчысы Мирлан Эсенбеков да камалып жаткан. Кечээ, 28-июнда, алар акталып, коррупция боюнча берене, кызмат абалынан кыянат пайдалануу деген берене менен алмаштырылып, кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу Бишкек шаардык соту тарабынан акталышты. Имамадиев менен Эсенбеков сот залынан бошотулган.
Канат Исаев дагы бир кылмыш иши боюнча, бийликти күч менен басып алууга айыпталууда. Ал Өмүрбек Бабанов президенттикке койгон мезгилде, 2017-жылы, эгер Бабанов жеңилип калса, бийликти басуу алууну уюштурмак деп айыпталган. Канат Исаев баш-аягы 12 жылга эркинен ажыратылган. Амнистияга байланыштуу, анын мөөнөтү 9 жылга кыскарган.
Канат Исаев бул кылмыш ишинде күнөөсүз экенин айтып келет.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты