Кыргызстанда “Дежавю” спектаклин коюуга тыюу салынды

  • 2 года мурун

Алишер Ниязовдун (Алексей Торк) “Кыялдар орундалат” пьесасынын негизинде сахналаштырылган “Дежавю” спектаклин Кыргызстанда коюуга тыюу салынды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимди атайын түзүлгөн мамлекеттик комиссия кабыл алган. Спектаклдин премьерасы 21-майда болмок.

«Спектакль президентке жана кыргыз элине каршы деп табылды. Комиссия спектаклди түп тамырынан бери өзгөртүп чыгууну — президентке жана кыргыз элине каршы линияларды алып, эмгек мигранттарынын маселелери тууралуу социалдык баяндама түрүндө пьесаны кайрадан жазып чыгууну талап кылды. Эмгек мигранттарына болгон сүйүүмө карабастан, пьесаны өзгөртпөйм»,- деп жазды пьесанын автору.

Спектаклде “Кыялдар орундалат” деген IT компаниянын кеңсесинде беш киши камалып калганы көрсөтүлөт. Алардын арасында жергиликтүү олигарх, анын көңүлдөшү, ишкананын жетекчиси жана анын күзөтчүсү менен бир кызматкери бар. Кеңсенин сыртында тополоң, революция башталат. Бир бөлмөдө камалып калган адамдар чуру-чууга түшүп, бири-бири менен уруша баштайт жана өткөн-кеткендерди эстешет.

“Дежавю” спектакли коюлары тууралуу жарнамалар да берилип кеткен. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги окуя тууралуу комментарий бере элек.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты