УКМК: Сирияда 150 кыргызстандык каза болгон

УКМК: Сирияда 150 кыргызстандык каза болгон

Бүгүнкү, 27-июндагы, Жогорку Кеңеш жыйынында Улуттук Коопсуздук комитетинин Террорго каршы борборунун директорунун орун басары Канжарбек Бакаев Кыргызстандан Сирияга 850 жаран кеткен деген маалымат бар экенин жана алардын арасынан 150 кыргызстандык каза болгонун депутат Айсулуу Мамашеванын суроосуна жооп катары айтты.  

Депутат Айсулуу Мамашева  Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз айылындагы Ак-Тилек айылында мечитте тыюу салынган агым кеңири жайылтылып жатканын айтып кайрылышканын билдирди. Ал Кыргызстанда тыюу салынган “Йакын ынкаар” агымы экен.

УКМКнын Террорго каршы борборунун директор орун басары К. Бакаев Кыргызстанда “Йакын ынкаар” диний агымына тыюу салынганын, бирок Мамашеванын маалыматы тастыкталбаганын айтты.

Депутат Ысык-Көл облусунан канча адам Сирияга кеткени тууралуу сураганда, УКМКнын Террорго каршы борборунун директор орун баары К. Бакаев Кыргызстан боюнча 850 адам Сирияга кетти деп эсептелерин жана алардын арасынан 150 кыргызстандык каза болгонун билдирди.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты