Медиа полиси институту: «Супер ТВнын» парламенттик аккредитациядан ажыратылышы негизсиз

  • 2 года мурун

«Медиа полиси институту» уюму «Супер ТВ» телеканалынын кызматкерлерине Жогорку Кеңешке кирүүгө тыюу салынышы боюнча билдирүү таратты.

Уюм Жогорку Кеңештин жооптуу адамдарынын мындай позициясы журналисттерин кесиптик ишмердүүлүгүн аткарууга тоскоолдук болот деген пикирде.

«Парламенттин басма сөз кызматынын жетекчисинин бул аракети өзүм билемдик катары бааланат. Себеби, телеканалдын парламенттик аккредитациядан ажыратылышы негизсиз жана Аккредитациялоо эрежелеринде каралган нормаларга туура келбейт. Аталган эреженин 4.1. пунктуна ылайык, эгер журналист же редакция Жогорку Кеңештеги иш-чаралардын жүрүшүндө бир канча ирет коомдук тартипти жана жүрүм-турум эрежелерин бузган болсо, же эл өкүлдөрүнүн ар-намысы жана кадыр-баркына шек келтирүүчү чындыкка дал келбеген маалыматтарды тараткан болсо, атайын комиссия журналистти аккредитациядан ажыратуу маселесин карайт.

«Супер ТВ» телеканалынын журналисттери эч кандай мыйзам нормаларын же этикалык нормаларды бузган эмес. Бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин тармактык комитети же комиссия жыйын өткөргөн жок жана бул маселе пленардык жыйында дагы каралган эмес. Аталган ЖМКнын аккредитациясын жокко чыгарган бир дагы документ жок», — деп айтылат уюм тараткан билдирүүдө.

«Медиа полиси институту» парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Эркинбек Каимовдун бул аракетин кызматтык абалынан кыянат пайдалануу катары бааларын айтып, прокуратура редакциянын мыйзамдуу иштешине тоскоолдук жаратып жаткан Жогорку Кеңештин кызматкерлеринин аракетине юридикалык баа бериши керек деп эсептерин билдирди.

Окуянын чоо-жайы 

11-май күнү  Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова менен   SuperTV каналынын журналисти Тахмина Кенжебек кызынын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Анда журналист ашкана тууралуу Жогорку Кеңештеги ашкана тууралуу сюжет даярдап жатканын эскерткенде, тамактанып жаткан депутат Надира Нарматова “Ушул кылганыңар жакшыбы, аппаратыңарды коюп алып… Эмне депутаттар уруулук кылып жатабы? Элдин өкүлүбүз элдин алдында жумушубузду жасап жатабыз” деп айтканда журналист микрофонду депутатка сунат. Ал журналисттин колунан микрофонду жулуп алганга аракет кылганын видеодон көрүүгө болот. 

Бул окуядан кийин журналистти парламенттин имаратына киргизбей койгону белгилүү болот. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Эркинбек Каимов “Азаттыкка” билдиргендей, телеканалдын кызматкерлерин сүйлөшүүгө чакырганда келбей койгон.

“SuperTV телеканалынын кызматкерлерин биз сүйлөшүү үчүн чакырсак келишкен жок. Биз алар менен сүйлөшүп бир пикирге келишибиз керекпи? Келишибиз керек. Биздин сөзүбүздү уккан жок. Келсе, сүйлөшөбүз”, — деди Каимов.

Ал эми SuperTV телеканалы мамлекеттик мекемеге кирүүгө эч кандай чечим жок эле тыюу салынганын мыйзамсыз деп эсептейт. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты