Сокулукта каржы пирамидасын түзүүгө шектүү жаран кармалды

  • 2 года мурун

Чүй облусунун Сокулук районунда каржы пирамидасын түзүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, апрель айынын башында Сокулук райондук милициясына бир нече жаран Сонбүбү аттуу аялга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Арыздангандар аталган жаран WhatsApp аркылуу «Алмаз-Авто», «Алмаз», «Азык-түлүк» деген топторду түзүп, белгилүү бир суммадагы акча алып, ушул күнгө чейин кайтарып бербей жүргөнүн айтышкан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин (Финансы пирамидаларын уюштуруу) негизинде иш козголуп, кылмышка шектүү катары 1971-жылы А.К. аттуу жаран кармалган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты