Каналга  агып кеткен беш жашар кыздын сөөгү табылды

Каналга  агып кеткен беш жашар кыздын сөөгү табылдыБүгүн, 28-июнда, саат 09:00дө канал суусуна агып кеткен кыздын сөөгү жергиликтүү тургундар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

27-июнда  Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл аймагынын Кызыл-Туу айылынын  Орозбеков көчөсүндөгү үйгө, атасы менен тойго келген 2013-жылы туулган А. Н. аттуу кыз  Достук каналынын жээгинде ойноп жатып, сууга чөгүп кеткен деген маалымат “112” кызматына түшкөн.

Куткаруучулар 27-июнда саат 21:00гө чейин издешкен, бирок натыйжа  болгон эмес.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты