Абитуриенттердин эсине: 23-26 май күндөрү ЖРТга кошумча каттоо жүрөт

  • 2 года мурун

23-майдан 26-майга чейин Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) кошумча каттоо жүрөт. Бул тууралуу Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева 20-майдагы маалымат жыйынында билдирди.

«Каттоого жетишпей калган абитуриенттер үчүн 23-26-майда жана 23-июнда саат 13:00дөн 17:00гө чейин тесттик борборлордо кошумча каттоо жүргүзүлөт. Эгер абитуриент 23-майда каттоодон өтсө, тестти 24, 25-майда тапшырат. 6-майда катталса 27-28-майда ЖРТга келет. Белгилей кетсек, 23-июнда каттоодон өткөндөр тестти бир гана Бишкек жана Ош шаарларында тапшыра алат», — деди Батракеева.

Кошумча каттоодон өтүү үчүн төмөнкү документтер керек:

· паспорт (эгерде 16 жашка чыга элек болсо, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, сүрөт чапталган маалымкат менен);

· 3х4 см көлөмүндөгү эки бирдей сүрөт;

· ЖРТнын каттоо төлөмүн тастыктаган квитанция;

· орто билим жөнүндө аттестат (мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү үчүн).

Быйыл өлкө боюнча 9-классты 103 миңден ашык, 11-классты 67 миңден ашык окуучу аяктайт.

Жалпы республикалык тестке 47 миң 468 абитуриент катталган. Өлкө боюнча 117 тест борбору уюштурулат.

Абитуриенттер үчүн Жалпы республикалык тестирлөө төмөнкү мөөнөттөрдө өткөрүлөт:

I этап: 2022-жылдын 24, 25-майында (23-май – тест борборлорун даярдоо күнү);
II этап: 2022-жылдын 27, 28-майында (26-май – тест борборлорун даярдоо күнү);
III этап 2022-жылдын 24, 25-июнунда (23-июнь – тест борборлорун даярдоо күнү).

Соңку III этапта белгилүү бир себептер менен тест тапшырбай калган абитуриенттер үчүн мөөнөтү жылдырылган тестирлөө өткөрүлөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты