Казакстандын президенти расмий иш сапары менен Кыргызстанга келет

  • 2 года мурун

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 26-майда расмий иш сапары менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин орун басары Арзыбек Кожошев маалымат жыйынында билдирди.

Токаев 27-майда Жогорку Евразия экономикалык кеңештин (ЕЭК) саммитине жана Бишкекте өтө турган пленардык жыйындарга катышат.

Арзыбек Кожошев президент Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин жолугушуусунда эки өлкөнүн чек арасында жүк ташуудагы маселелер да талкууланарын билдирди.

“Албетте, бул маселе каралат. Казакстан тарап көйгөйдү толугу менен чечкенге даяр. Бул президенттердин жолугушуусунда карала турган маселелердин ичине кирет”, — деди Кожошев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты