Чынара Садырова менен Аскат Сыдыков Жогорку Соттун судьялыгына шайланды

Чынара Садырова менен Аскат Сыдыков Жогорку Соттун судьялыгына шайланды Чынара Садырова менен Аскат Сыдыков Жогорку Соттун судьялыгына шайланды

Жогорку Кеңештин 27-июндагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларын шайлоо жөнүндө маселе каралды.

Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев Жогорку Соттун судьялык кызмат ордуна сунушталган талапкерлер боюнча КР Президентинин сунуштамасы менен тааныштырды. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы кызмат ордуна Чынара Садырова менен Аскат Сыдыковдун талапкерлиги сунушталган.

Жыйын жүрүшүндө эл өкүлдөрү сот реформасы эмнеден башталышы керектигин, сот жүрүмүн видеого түшүрүү маселеси боюнча талапкерлердин пикирине кызыгышты. Ошону менен катар коомчулукта сот органдарына элдин ишеними төмөн экенин эскертип, адам тагдыры боюнча чечим чыгарууда адилеттүү мамиле жасоого чакырышты.

Жыйынтыгында жашыруун добуш берүүнүн натыйжасында Чынара Садырова (100 добуш) менен Аскат Сыдыков (95 добуш) Жогорку Соттун судьясы болуп шайланышты. Андан кийин алар ант беришти.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты