Башкы прокуратура “Ош” аэропортундагы суу каптаган окуяны иликтей баштады

  • 2 года мурун

Башкы прокуратура “Ош” эл аралык аэропортундагы суу каптаган окуяны иликтей баштады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган факты боюнча териштирүү иштерин Кыргыз транспорттук прокуратурасы жүргүзүүдө.

Текшерүүдө суу каптоонун себептери, аэропортту реконструкциялоо долбоору, аткарылган жумуштун долбоорго шайкештиги, курулган объект кандайча кабыл алынганы жана башка жагдайлар каралат.

Мекеме аэропорттун шыбы ураган имаратын кайсы компания салганы тергөөдө аныкталарын кошумчалады.

18-майда катуу шамал менен коштолгон нөшөрлөп жааган жаандан улам “Ош” аэропортунун күтүү залынын шыбынан суу агып, анын кесепетинен имараттын шыбы урап түшкөн. Ал учурда күтүү залында бир топ киши болгон. Окуяны аба майдандын өзүнүн жумушчу комиссиясы да иликтеп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты