Бишкекте абанын булганышы автомашиналардын көптүгүнө байланыштуу

Бишкекте абанын булганышы автомашиналардын көптүгүнө байланыштууЖогорку Кеӊеште экология менен абанын тазалыгын коргоого багытталган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө”, “Экологиялык экспертиза жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралып жатканда, депутат Турусбеков Бактыбек ордо калаанын айланасында ЖЭБ, көптөгөн өнөр жай объектилери, калктуу конуштар жайгашканын эске салып, абанын булгануусунун негизги себептерине кызыкты.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамов Бишкек шаарындагы абанын булгануусу негизинен автомашиналардын кыйла көптүгүнө байланыштуу болуп жатканын билдирди.

«2013-жылы жылытуучу мештерге электр чыпкаларын орнотуу максатында 13 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн. Ошондон улам, алардан уулуу заттардын чыгуусу 40 миӊ тоннадан 19 миӊ тоннага чейин азайды. Андан тышкары, жүргүзүлгөн талдоолордун жыйынтыгында Бишкек шаарындагы абанын булгануусунун 90 пайызы автомашиналарга байланыштуу болуп жэатканы белгилүү болду», — деди ал.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты