УКМК: диний адабияттарды уруксатсыз даярдап жүргөн басмаканын иши токтотулду

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жалал-Абад облусунун Сузак районунда диний адабияттарды уруксатсыз даярдаган жашыруун басмакана аныкталганын билдирди.

Атайын кызматтан билдиришкендей, террористтик жана экстремисттик аракеттерге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Б.А.К. аттуу жарандын жашаган жери тинтүүгө алынып, ал жерден басып чыгаруучу жабдуулар, компьютерлер, принтерлер жана 5 миңден ашык диний адабияттар табылган.

Басмакананын ээсинин диний адабияттарды чыгарууга уруксат кагазы, тиешелүү маркировкалары болгон эмес. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын диний экспертизасынан жана текшерүүсүнөн өтпөгөнү аныкталган.

Тинтүү учурунда алынган диний адабияттар теологиялык экспертизага жөнөтүлдү. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты