Президент Садыр Жапаров Бишкек ЖЭБинин абалы менен таанышып чыкты

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-майда Бишкек ЖЭБинин абалы жана күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышып келди. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы ЖЭБдин аймагында ыкчам кеңешме өткөрүп, анда «Электр станциялары» ААК жетекчилигине ишканананын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу маселесин карап чыгып, жакынкы аралыкта чечүүнү тапшырды.

ЖЭБдин директору Нургазы Курманбековдун айтымында, ишкана Кыргызстанда керектелчү электр энергиянын 1/10 бөлүгүн камсыз кылат.

Бишкек ЖЭБине жыл сайын 1,5 млн тонна көмүр сатылып алынып, график боюнча үзгүлтүксүз келип турат. Мазут боюнча эч кандай көйгөйлөр жок, учурда жабдууларды керектүү пландуу оңдоо жана профилактикалык тейлөө иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө Бишкек ЖЭБинин аймагында 283 миң 089 тонна көмүр бар.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты