Дамир Сагынбаев Азербайжан Куралдуу күчтөрүнүн иш-чарасына катышты

Дамир Сагынбаев Азербайжан Куралдуу күчтөрүнүн иш-чарасына катыштыКР Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Азербайжан аскеринин 100 жылдыгына байланыштуу өткөрүлгөн аскер парадына катышты.

Дамир Сагынбаев Азербайжан Президентинин Администрациясынын Жетекчиси – республиканын Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткаруучу Ремиз Мехтиев менен жолугушту.

Жолугушууда кызматташтык маселелери жана Азербайжан Президентинин Кыргызстанга мамлекеттик сапары талкууланды.

Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Азербайжан Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук министрлигинин жетекчилери менен жолугушуп, анда эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын ортосунда эл аралык терроризм, экстремизм көрүнүштөрүнө, баңгизаттарды мыйзамсыз айлантууга каршы аракеттенүү маселелери боюнча зарыл маалыматтарды алмашуу маселелери каралды.

Бул тууралуу КР Президентинин басма сөз кызматы маалымдады.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты