Бишкекте мыйзамсыз иш алып барган 27 косметологиялык мекеме аныкталды

  • 2 года мурун

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкекте мыйзамсыз иш алып барган 27 косметологиялык мекеме аныкталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын комиссия Бишкек шаарында косметологиялык ишмердүүлүк жүргүзгөн 63 мекемени текшерип, алардын 27си мыйзамсыз иштеп жатканын аныктаган. Аталган мекемелерде мыйзамсыз айыктыруулар жана уруксаатсыз медициналык манипуляцияларды жана хирургиялык кийлигишүүлөр жасалып келген.

Мындан тышкары бул мекемелерде санитардык-эпидемиологиялык режим одоно бузулуп, медициналык таштандылар мыйзамга ылайык жок кылынбастан, жалпы таштанды челекке ыргытылары белгилүү болгон. Андыктан бул жайларда кардарлардын жугуштуу ооруларды жугузуп алуу коркунучу жогору экени айтылат.

Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз иштеп жаткан 27 косметологиялык салондун 17си боюнча документтер укук коргоо органдарына берилип, 10 клиникага айып пул салынды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты