Экономика министрлиги базарларда ККМ колдонбоого уруксат берүү маселесин карап жатат

  • 2 года мурун

Базарларда көзөмөл-кассалык аппарат (ККМ) колдонбоого уруксат берүү маселесин жумушчу топ карап жатат. Бул тууралуу 18-майда Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын жетекчиси Кубанычбек Ысабеков маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда талкуу уланууда, чечим кабыл алына элек.

Салык боюнча жаңы мыйзамга ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап 1-августтан тартып коюла баштайт.

Бир катар ири базарларда иштеген соодагерлер буга карата нааразылыгын билдирип, митинг-пикеттерди өткөрүшкөн. Алар ККМ колдонсо товарын кымбаттатууга мажбур болорун айтышкан.

Президент Садыр Жапаров 8-февралда Бишкектеги “Дордой” жана “Ош» базарларына барып, ишкерлерге ККМди ишке киргизүү максатын түшүндүргөн. Ал Кыргызстанда экономиканын 40% көмүскөдө калганын, ошону алып чыгуу аракети көрүлүп жатканын, кичи жана орто бизнес жабыркабасын деген аракет көрүлөрүн айткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты