Сооронбай Жээнбеков: “Тамырлаган коррупция, көмүскө экономика, кылмыштуу схемалар экономиканын өсүшүнө өз кесепетин тийгизбей койбойт”

Сооронбай Жээнбеков: “Тамырлаган коррупция, көмүскө экономика, кылмыштуу схемалар экономиканын өсүшүнө өз кесепетин тийгизбей койбойт”Жогорку Кеӊештин бүгүн, 27-июнда, өтүп жаткан жыйынында Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз элине кайрылуу жасады.

Жыйынга депутаттар, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.

Сооронбай Жээнбеков кайрылуусунда өлкөнүн өнүгүү стратегиясы аныкталганын, ушу тапта коомдук-саясий туруктуулук болуп, экономикалык ири долбоорлор ишке ашырылып жатканын баса белгиледи.

«Өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары аныкталып, анын коопсуздугун камсыз кылуу, калк турумушун жакшыртуу жаатында жүргүзүлө турган реформалардын негиздери белгиленди», — деди ал.

Президенттин айтымында, жетишилген айрым ийгиликтерге карабастан, коррупциялык жосундар өлкө экономикасына инвестиция тартуу аракеттерине жолтоо болууда. Тамырлаган коррупция, көмүскө экономика, кылмыштуу схемалар экономиканын өсүшүнө өз кесепетин тийгизбей койбойт. «Мына ушундай жагдайлар алдыбызга катуу талаптар менен жаӊы милдеттерди коюуда. Биз келечек муундар сыймыктана турган байгер өлкөнү курууга тийишпиз, ал жалпы элдин колдоосу болгондо гана ишке ашат», — деп кошумчалады Сооронбай Жээнбеков.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты