Жибек көпөлөк курттарын чогултушту

Жибек көпөлөк курттарын чогултуштуКурчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери жыл башынан бери миңден ашуун түгөйсүз жибек көпөлөгүнүн курттарын чогултушту. 

“Станция” аттуу лабороторияда токойду биологиялык дарылоо боюнча Вирин ЭНШ жана түгөйсүз жибек көпөлөгүнүн курттарына каршы энтомофаг колосома, антастатус диспарис дарысын чыгарышууда.

2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери 3 миң 580 гектар токой аянтын дарылоодон өткөрүшүп, түгөйсүз жибек көпөлөгүнүн курттарынан жабыр тарткан токой чарбаларга жана өз алдынча токойчулуктарга 2 миң 840 даана энтомофаг колосома (colosoma sycophanta), ошондой эле 610 гектарга энтомофаг анастатус диспарис препаратын таркатып беришти.

Мындан сырткары, Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагынын 500 гектар токой аянттарына аэрозолдук ыкмадагы дарылоо иштери жүргүзүлдү.

Бул тууралуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты