Козголгон кылмыш иштеринен мамлекетке 95 млн. 478 миң 692 сом түштү 

Козголгон кылмыш иштеринен мамлекетке 95 млн. 478 миң 692 сом түштү Улуттук коопсуздук комитети бюджеттик каражаттарды уурдоо жана мыйзамсыз чыгарып кетүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 1 млрд. 150 млн.  545 миң. 549 сомду түзүп, алардын ичинен 95 млн. 478 миң 692 сом мамлекеттик бюджеттин пайдасына түшкөнүн кабарлады.

Алсак, 2016-2017-жылдарга карата токтотулган жана кыскартылган иштерди инвентаризациялоо боюнча жыйынтык Башкы прокуратурага жана коопсуздук Кеңешинин Катчысына жөнөтүлгөн.

Алар Башкы прокуратуранын талабына ылайык,  негиздүүлүгүн жана мыйзамдуулугун иликтеп, процессуалдык чечимдерди кабыл алуу үчүн көзөмөлдөөчү органына жиберилди.

Тергөө мөөнөтүн негизсиз узартуу, кылмыш иштерин мыйзамсыз кыскартуу жана токтотууга, ошондой эле токтотулган кылмыш иштеринин келечегин карап, процессуалдык чечим чыгаруу максатындагы анализдөө жана иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

2018-жылдын май-июнь айларынын аралыгында Коррупцияга каршы кызматтын  тергөө бөлүмдөрүнүн жана башка укук коргоо органдарынын материалдары боюнча 117 кылмыш иши козголгон, анын ичинен 60 кылмыш иши коррупциялык багытта болду.

Бюджеттик каражаттарды уурдоо жана мыйзамсыз чыгарып кетүү ( Кошумча нарк салыгын мыйзамсыз кайтарып алуу) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 1 млрд. 150 млн.  545 миң 549 сомду түзүп, алардын ичинен 95 млн. 478 миң 692 сом мамлекеттик бюджеттин пайдасына түшкөн. Башка козголгон кылмыш иштери боюнча аныкталган чыгым 519 млн. 219 миң 937 сомду түзгөн.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты