“Алладиндин сыйкыр чырагы” өрттөндү

“Алладиндин сыйкыр чырагы” өрттөндүКечээ, 24-июнда, Бишкек шаарынын Октябрь районунда саат 09:23тө Горький көчөсүндөгү “Волшебная лампа Алладина” кафесинде өрт кырсыгы катталган.

         Бишкек шаарынын үч районунан тартылган күчтөрдүн жардамында саат 11:32 де өрт өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен кафенин жыгач устундуу темир менен жабылган 400 чарчы метр чатыры, 388 чарчы метр шыбы, 15 даана пластик терезеси, ичиндеги буюмдары жана кафенин документтери күйгөн. Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн себеби такталууда.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты