Сак болгула! Бир суткада төрт киши сууга чөгүп кетти, дагы бирөө изделүүдө
- 6 лет мурун
- Баяндар
Бишкек шаарынын Свердлов районунда 2018-жылдын 24-июнунда саат 09:28де Өзгөчө Кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары 1976-жылы туулган С.А. аттуу эркек киши “Учкун” кичи району тарапка, Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен жерден издешкен. Саат 12:35те чөккөн кишинин сөөгүн табышып, ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине беришкен.
Чүй облусунун Аламүдүн районунда куткаруучулар 2018-жылдын 24-июнунда саат 02:00 чамасында Энергетик дачасындагы көлмөгө чөгүп кеткен 2001-жылы туулган Ж. у Н. аттуу жаранды издөөгө чыгышкан. Куткаруучулар анын сөөгүн саат 10:40та суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине беришкен.
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун 24-июнда саат 15:20да Бөкөнбаев айылындагы №1 Кекилик пляжында 2002-жылы туулган Т у. Ы. аттуу жаран чөгүп кеткен жерге издеп чыгышкан. Саат 19:55те чөгүп кеткен кишинин сөөгү табылып, туугандарына берилген.
24-июнда саат 17:12де Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылынын “Лазурный берег” пансионатында 1994-жылы туулган А.Т.Э. аттуу эркек киши чөгүп кеткен жерге издеп чыгышкан. Саат 18:15те анын сөөгү табылып, ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине берилди.
Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Алма айылынын тургуну 1972-жылы туулган Б. Т. аттуу жаран 21-июнда агасынын үйүнөн чыгып кеткен бойдон үйүнө кайтып келген эмес. Ошол күнү саат 17:10 чамасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине туугандары Нарын дарыясынын жээгинен издеп берүүнү суранышкан. Саат 20:00дө издөө иштери убактылуу токтотулган. 25-июнда да издөө иштери улантылат.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.