Шайлообек Дүйшеев: “Жегичтердин баарын кустуруп чыга алсаңар…” 

Шайлообек Дүйшеев: “Жегичтердин баарын кустуруп чыга алсаңар...” Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев Өкмөттүн элден жардам сурап, атайын эсеп ачканы тууралуу бийликке фейсбук баракчасы аркылуу Кайрылуу жолдоду. Анда жегичтердин баарын кустуруп чыга алсаңар гана бийликке элде ишеним болот деп айтты. Төмөндө Кайрылуунун текстин толук келтиребиз.   

Урматтуу Сооронбай Шарипович!
Урматтуу Мухаммедкалый Дүйшекеевич!

Сиздерге мурда да жаздым эле, дагы бир жолу жазууга туура келди. Жакында Өкмөт жардам сурап элге кайрылды. Ушуга жеткен экенбиз. Бийликти ишенип берген куу тумшуктарыбыз коррупциялык шек менен биринин артынан бири камалып жатат. Жеген акчаларын “жең ичине катып”, качкан кандай болорун Акаев менен Бакиевдерден үйрөнгөндөрдүн бир даары качып жүрсө, бир даары дагы кача баштады… Мамлекетти уурдап-тоноп, аеосуз жеп келгендердин тизмесин тизмелеп чыгуу мүмкүнбү? Ак Үйдүн 7-кабатынан башталган тизме биринчи кабатка түшүп эле тим болбостон мамлекеттин бардык структураларына, алтургай азыркыга чейин свети жок, тыңыраак жолу жок, министрдин буту басып барбай жашаган айыл өкмөттөрүнө чейин жетерине бөркүңөрдөй ишенсеңер болот! Демек баарын “түрмөлөп” чыгуу мүмкүн эмес. Эгер башында эле баягы Топчубек Тургуналиев агабыз айткан “люстрацияны” мыйзамдаштырып алганыбызда азыркыдай балакет болбойт эле. Дал ошол люстрацияны да “коррупционерлер” жолотпой койгонун эл жакшы билет.

Бийлик башындагылардын эрки жоктугунан эмне болуп жатат? Жеп ичкендер “калп эле камалып”, анан түрмөгө түшпөй калуу үчүн тергөөчүлөргө, сотторго, бийликтеги “үңкүр-маңкирлерге”, ага болбой түрмөгө түшкөндөрү түрмөдөгү “үңкүр-маңкирлерге” берчүсүн берип келаткан айлампа система менен биз өмүр бою карыздан кутула албайбыз.

Менин сунушум: коррупционерлердин дүнүйө-мүлкүн, мамлекеттик кызматтарда туруп, арзыбаган айлык менен төбө чачың тик тургудай байлык чогулткандарды, арам жол менен уурдап-тоноп, элдин эсебинен бети жоктук менен байыгандардын акчаларын мамлекетке эч нерсесин калтырбай кустуруш керек. Чөнтөгүнө жашаганга үйүн, аялын, бала-бакырасын жана бир күндүк тыйын-тыпырын гана калтырып, экинчи мамлекеттик кызматтын четине жологус кылган жарлык чыгарып, элдин арасына айдап кийирүү керек. Элден уялгандар ошондо эл түшкөн автобуска түшүп, эл көргөн күндү көрүп, эл ичкен сууну ичип жашап көрсүн! Өзүнүн ким экенин, ким болгонун билсин! Ошондо алардын түрмөгө түшпөгөнүнө сүйүнгөн ата-энелери да, аялдары да, балдары да Кудайга тобо кылып, Экөөңүздөргө чындап ыраазы болмок, тигилердин жакындары да түрмөгө “тамак ташып, акча ташып, башка ташып “ азап тартмак эмес. Эл ичиндеги ар кандай ыйкы-тыйкы, өөдө-төмөн сөздөр да тыйылмак.

Айрымдардын: “Алардын чыныгы мүлкүн, байлыгын табуу мүмкүн эмес, анткени башкаларга каттатып койгон” дегендери суу кечпеген сөз. Эгер сиздерде эл чындап күтүп жаткан, күтө берип күн сайын күчүн жоготуп бараткан ЭРК болсо, кысчу жерин кысчу болсоңор, жегичтердин көр дүйнөсүн кайтарып олтурган “кембагалдар” өзүлөрү эле “акебайлап” туруп алеки заматта баарын айтып бермек. Анан “кусам” дегендер биринин артынан бири чуркап, керек болсо кезекке туруп калмак. Кыргызстанда түрмөнүн атын угары менен ооруп калмай дарты да жоголмок. Кыргыз эли башынан майдаланбаган, баштуу, нарктуу, кыйын эл экенин ошондо көрсөтмөк!..

Урматтуу Президент!
Урматтуу Премьер-министр!
Адегенде жегичтердин баары тегиз кустуруп чыга алсаңар гана элде ишеним пайда болот. Эл ошондон кийин гана силердин айтканыңарды угуп, дегениңерди аткарат. Колунан келгенин аябай туруп жардам берет. Эгер антелбасаңар, анда элге кайрылып бекер.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ,
акын.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты