Академик Какин Сулайманкуловду эскерүү
- 6 лет мурун
- Баяндар
Айтылуу Касым Тыныстановдун жээни, Кыргызстанда химия илимдеринин туңгуч доктору, Кыргыз Илимдер академиясынын академиги Какин Сулайманкуловду эскерүү эртең, 21-июнда болуп өтөт. 21-июнда Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүндө, саат 10.30 да академиктин эстелиги ачылат.
Академикти эскерүү зыйнатына Кыргыз Илимдер Академиясынын окумуштуулары, бийлик жана коомчулук өкүлдөрү, ошондой эле Казакстан Илимдер академиясынын окумуштууларынын келиши күтүлүүдө.
Академик Какин Сулайманкуловду эскерүү иретинде бул күндөрү Кыргыз Илимдер академиясы “Какин Сулайманкулов: “Илимде оной жол жок” аттуу китепке демөөрчү болуп “Илим” басмасынан жарыкка чыгарды.
Китепте кыргыз окумуштуулары, КР Илимлер академиясынын президенти, академик С. Жуматаев, академиктер Б. Иманакунов, Б. Мурзубраимов, А. Эркебаев, Казакстандын академиктери Е. Е. Ергожин, Е. Бектуров, М. Бүркитбаев ж. б. Какин Сулайманкуловдун химия илимине кошкон баа жеткис салымы, өмүр жолу тууралуу сөз кылышат.
Китептин түзүүчү-автору, журналист- Айгүл Бакеева.
Эске сала кетсек, академик Какин Сулайманкулов 2017-жылдын 21-июнунда кайтыш болгон.